07:02
USD 69.33
EUR 79.84
RUB 1.06

Ысык-Көлдө орусиялык журналисттердин акчасын жана телефонун уурдап кетишти

Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын биринен орусиялык журналисттер Виктор менен Инесса Ткаченконун 2 миң доллары менен уюлдук телефонун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишти. Бул маалыматты «24.kg» агенттигине Ысык-Көл ОИИБ тастыктады.

Тартип сакчыларынын берген маалыматы боюнча, жубайлар балдары жана неберелери болуп Бостеридеги пансионаттардын биринде эс алып жүрүшкөн. Жабырлануучулардын жазган арызына караганда, кылмыш иши түн ичинде болгон.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар