04:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Шашылыш билдирүү! Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн

7-10-июль күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, республиканын аймагында дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, дем алыш күндөрү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлүүдө.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26°, бийик тоолордо 15…20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар