12:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жанарбек Акаев: туристтерди тартуу өлкөнүн босогосунан башталат

Парламент депутаты Жанарбек Акаев Мамлекеттик чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, аэропортто, чек арада өз ишин мыкты билген адистерди кызматка коюууга чакырды. Депутаттын айтымында, туристтерди тартуу өлкөнүн босогосунан башталат.

«Бул жерде чек ара, бажы кызматтарынын жетекчилери, өкмөт өкүлдөрү отурасыздар. Силерге кайрылаарым — чек арада, аэропортко англисче суудай сүйлөгөн адистерди койсоңор. Анан бир аз сылык мамиле кылыш керек. Туристти көргөндө эле 5-10 долларды көргөндөй болбошу керек. Ал үчүн алардын айлыгын көтөрүп, шарт түзүүлсө. Батышка барганда күлүп-жайнап тосуп алышат. Баары аэропорттон башталат», — деди Жанарбек Акаев.

Парламентте айрым өлкөлөргө карата визасыз режим жөнүндө мыйзам талкууланууда. Кыргызстанда алты жыл мурда 45 өнүккөн өлкөнүн жарандарына киргизилген визасыз каттам тартибинин мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Бул мыйзамдын мөөнөтү 2020-жылы аяктайт. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, визасыз каттам тартибин киргизүү туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошууда.

2012-жылы АКШ, Германия, Франция, Жапония сыяктуу дүйнөнүн өнүккөн 45 өлкөсүнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз келүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алат. Бирок айрым эксперттер «визасыз каттамды террорчулар да колдонушу мүмкүн» деп сындап жүрүшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар