17:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чувашиядагы жол кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктар ооруканада жатышат

Чувашиядагы жол кырсыгынан жабыркаган кыргызстандык эки жаран Чебоксары шаарындагы ооруканада жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, 36 жаштагы И.А.Х. жана 27 жаштагы Д.А.А. ооруканада жатат. Алардын абалы тууралуу азырынча эч нерсе айтыла элек.  

Эске салсак, Чувашияда жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кесепетинен кыргызстандык 3 жаран (алардын экөө жаш балдар) каза болуп, дагы эки жаран жаракат алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар