Кыргызстандын 3 жараны Чувашия Республикасында жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кесепетинен кыргызстандык 3 жаран (алардын экөө жаш балдар) каза болуп, дагы эки жаран жаракат алышкан.
Билдирүүгө ылайык, 5 жана 6 жаштагы балдар каза болду.
Алдын ала алынган маалыматка караганда, жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, кырсыктын келип чыгуусуна себепкер болгон.