Чүй облусуна караштуу Москва районунда адам өлтүрдү деген шек менен бир киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тартип сакчылары Кыз-Моло айылындагы үйлөрдүн бирин тинтүүгө алган. Натыйжада короодогу аңдын ичинен кишинин чирип кеткен сөөгү табылган.
«Жансыз дене 2015-жылы дайынсыз жоголгон үй ээси экени аныкталды. Ушул жылдын 29-июнунда шектүү жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголду», -деп жазылат маалыматта.