14:56
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жактоочу: Айбек Калиев УКМКнын тергөөчүсүнө акча берген эмес

Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев УКМКнын тергөөчүсүнө 7 миллион доллар берди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашев «24.kg» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Айбек Калиевдин жубайы мамлекеттик комитетке эч кандай акча берип жиберген эмес.

«Бул сандырактык! Айбек Калиевдин ЖЭБди модернизация кылгандыгы үчүн ТВЕАдан сыйлык алганы, мурунку премьер-министр Сапар Исаков 40 миллион доллар, экс-президент Алмазбек Атамбаев 100 миллион доллар алганы тууралуу маалымат берди дегени карандай калп. Мен өзүмө баардык жоопкерчиликти алуу менен Айбек Калиев андай көрсөтмө бербегендигин ишенимдүү айта алам», — деди Бактыбек Жумашев.

Эң көп окулган жаңылыктар