10:47
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жактоочу: Айбек Калиевдин өнөкөт оорусу курчуп кетти

Улуттук энергохолдинг компаниясынын мурунку жетекчиси Айбек Калиевдин өнөкөт оорусу курчуп кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди. 

Анын айтымында, УКМКнын тергөө абагында медициналык санитардык бөлүмүндө керектүү дары-дармектер жана дарыланууга шарттар жок. Ал билдиргендей, жакында Айбек Калиевдин баш коргоо чарасы боюнча Жогорку сотко даттанат.

Эске салсак, Айбек Калиевге жемкорлук беренеси боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар