20:50
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Замирбек Аскаров: Дарыгер жана мугалимдер жогорку баага батир сатып ала албайт

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу сатылып алынып жаткан турак-жайдын чарчы метри 658 АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров мамлекеттик турак-жай программасынын маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесинде айтты.

Айтымында, мындай баа турак-жайдын жеткиликтүүлүгү принцибине дал келбейт.

Буга катар турак-жайдын чарчы метрин 350-360 АКШ долларына баалаган, ошол эле учурда ар бир чарчы метрине 2080 сомдон салык төлөгөн курулуш компаниялары бар. Тургундарды турак-жай менен камсыздоо үчүн «Жеткиликтүү турак-жай» программасы кабыл алынган, бирок ага карабастан, ипотекалык компания батирлерди рынок баасы менен сатууда. Мындай шарттарда мугалимдер жана врачтар жаңы батир сатып ала албасы түшүнүктүү. Эгер биз «Жеткиликтүү турак-жай» программасын кабыл алган болсок, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, биз ар жылкы насыялоо коюмун 6 пайызга төмөндөтүп, аны ишке ашыруу жолдорун табышыбыз керек

Замирбек Аскаров

Кеңешмеде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 499 токтомуна ылайык, ар жыл сайын өзүнүн уставдык капиталынын өлчөмүн жөнөкөй энчилүү акцияларды эмиссиялоо жолу аркылуу 150 млн сомго жогорулатууга мүмкүндүгү бар экендиги аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар