16:37
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Балдар бакчасына электрондук кезек аркылуу 1 миңден ашуун наристе кабыл алынды

Бишкектеги балдар бакчасына электрондук кезек аркылуу 1 миңден ашуун наристе кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Галина Безродняя билдирди.

Анын айтымында, маалымат күн сайын жаңыланууда. Апрелдин акырында 4 миңдей кезек күткөн жарандар болгон болсо, учурда алардын саны 9 миңден ашат.

«Балдарын бакчага бере турган ата-энелер сайтка катталуусу шарт. Алар онлайн режимде кезектерин карап турушат. Кезеги келгенде документтери менен бала бакчага барышат», —деди башкы адис.

Эң көп окулган жаңылыктар