«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Мас кезинде берилген талак ишке ашабы?
Жооп: Ичимдик ичүү, же баңги зат чегүү өзү негизи исламга туура келбейт. Мас болуу — мусулмандын иши эмес. Андыктан мындай кезинде берилген талак дагы ишке ашпайт.
Бирок, ислам дүйнөсүнүн бир топ аалымдары өз эрки менен ичимдик ичип туруп, талак берген адамды аны жазалоо үчүн талагын ишке ашыруу керектигин айтышат. Ал эми Сирия менен Египеттин мыйзамдарында мас абалында берилген талак жараксыз экендиги жазылган.