02:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Суроо-жооп: Мусулман кийимдерин сатсам дагы салык төлөшүм керекпи?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Мен мечиттин алдында мусулмандарга ылайыктуу кийимдерди сатам. Салык кызматы патент талап кылып жатат. Мен салык төлөшүм керекпи? Негизи сооп иш кылып жатпаймынбы.

Жооп: Кыргызстандын аймагында ишкерлик менен алектенген ар бир жак салык төлөөгө милдеттүү. Сиз соода жүргүзүп жаткандыктан ага ылайыктуу салыктарды төлөп, аны менен бирге жарандык жоопкерчиликти аткаруу зарыл. Эч бир дин, же дин өкүлдөрүнө мыйзамдык жеңилдик жок. Кыргызстан светтик өлкө экенин дагы эске алуу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума