23:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мурат Тунгишбаев Алматыдагы убактылуу кармоочу жайына алынып келинди

Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев Алматынын ички иштер департаментинин убактылуу кармоочу жайына алынып келинди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, блогерди 26-июнда өткөрүп беришкен.

Мен тергөөчү менен сүйлөштүм. Ал Мурат Тунгишбаевдин Алматыдагы убактылуу кармоочу жайына которулганын айтты. Учурда мамлекеттик жактоочу анын кызыкчылыгын көздөп жатат. Блогердин баш коргоо чарасы чыга элек. Анын жубайы жеке коргоочу жалдаш үчүн Алматыга жөнөп кетти

Замир Жоошев

Эске салсак, Мурат Тунгишбаевди Октябрь райондук сотунун чечими менен коңшу мамлекетке экстрадиция кылышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума