09:25
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жактоочу: Мурат Тунгишбаевге медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартышууда

Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаевге медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартышууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Маалыматка караганда, жакында эле Мурат Тунгишбаевдин көзүнө операция жасалган. 14-июлда кайрадан операция жасалышы күтүлүүдө. Ал убакытка чейин соттолуучу 10 күн бою дары алып турушу керек.

Бирок, № 1 абакта медициналык жардам бере турган көз догдур жок. Ал эми блогерди ооруканага алып баралы десек, тергөө абагы уруксат бербейт. Биз сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү өтүнөбүз

Нурбек Токтакунов.

Ал билдиргендей, Мурат Тунгишбаевдин керектүү документтеринин баары бар, сот аны сөзсүз карап чыгышы керек.

Эске салсак, казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев бозгун саясатчы, оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланыштыгы бар жана ал «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдойт деп айыпталууда. Эгерде кыргыз бийлиги аны Казакстанга өткөрүп берсе, анда анын мүлкү конфискацияланып, өзү 7 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби