06:19
USD 68.24
EUR 79.44
RUB 1.07

Камактагы блогер Мурат Тунгишбаев медициналык текшерүүдөн өттү

Алматы тергөө абагында отурган активист, блогер Муратбек Тунгишбаев 11-июлда медициналык текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу анын туугандары билдирди.

«Муратты кардиолог менен көз оорулар институтундагы офтальмологго алып барышты. Текшерүү жүргүзүлдү. Эмдөө жана анализ дайындалды. Анын кан басымы жогору. Көзүнүн абалы белгисиз. Ал буга чейин уктаганда колу уюп, сол көзү бүдөмүк көрүп жатканын айткан», — деди анын аялы Мерей Калиева.

Мурат Тунгишбаевдин адвокаты Гүлнара Жуаспаева буга чейин активисттин алы кетип, көзү начарлай баштаганын билдирип, дарылоону калыбына келтирүүнү суранган.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. 26-июлда ал Казакстанга жеткирилген.

Астана аны бул өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдойт деп эсептейт. Активист сот тарабынан экстремисттик деп табылган уюмдун ишмердүүлүгүн колдоо жана каржылоого айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар