09:42
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мурат Тунгишбаевден тартылып алынган аппаратураны азыркыга чейин берише элек

Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаевден тартылып алынган аппаратураны азыркыга чейин берише элек. Бул тууралуу тегерек столдо жактоочу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын кызматкерлери Мурат Тунгишбаевдин үйүн тинтүү маалында 10 миң долларлык техникасын алып кетишкен.

Эске салсак, казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев бозгун саясатчы, оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланыштыгы бар жана ал «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдойт деп айыпталууда. Эгерде кыргыз бийлиги аны Казакстанга өткөрүп берсе, анда анын мүлкү конфискацияланып, өзү 7 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби