USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Жогорку Кеңештин алдында Мурат Тунгишбаевди колдоо максатында митинг өтүүдө

12:24, 20 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин алдында казакстандык блогер Мурат Тунгишбаевди колдоо максатында митинг өтүүдө.

Нааразычылык акцияда активисттин апасы Бактыбола Тунгишбаева Кыргызстандын президентинен уулун коңшу өлкөгө өткөрүп бербөөсүн суранды.

«Ал түрмөдөн тирүү чыгабы белгисиз. Анын кичинекей балдары бар. Мен дагы карыдым. Кечээ Мурат эгер экстрадиция кыла турган болсо оз өмүрүнө кол сала тургандыгы билдирди», —деди Бактыбола Тунгишбаева. 

Эске салсак, Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев бозгун саясатчы, оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланыштыгы бар жана ал «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдойт деп айыпталууда. Эгерде кыргыз бийлиги аны Казакстанга өткөрүп берсе, анда анын мүлкү конфискацияланып, өзү 7 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика