13:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Депутат: Жети-Өгүздөгү мечитти тыюу салынган «Йакын Инкар» уюму каржылайт

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы мечитти тыюу салынган «Йакын Инкар» уюму каржылайт. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашова айтып чыкты. 

Депутат тыюу салынган уюм тарабынан каржыланган мечит тууралуу маселени дагы көтөрдү. Анын айтымында, «Йакын Инкар» Ак-Терек айылындагы мечитти каржылап келет.

Каржы чалгындоо кызматынын башчысы Айбек Кадыралиевдин айтымында, аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Ал эми УКМКнын террорчулукка каршы күрөшүү борборунун өкүлдөрү Ысык-Көл облусунда тыюу салынган уюм тарабынан каржыланган бир дагы мечит жок деп ишендиришүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар