17:00
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Дин кызматкерлери: Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз салынган мечит жок

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты жана Жети-Өгүз райондук хатибияты, аталган райондо тыюу салынган уюм тарабынан салынган мечит тууралуу маалыматтан кийин текшерүү жүргүзүштү.

Эске салсак, кечээ ЖК депутаты Айсулуу Мамашева тыюу салынган уюмдун мечит ачканы тууралуу билдирүү тараткан.

Дин кызматкерлеринин айтымында, тыюу салынган  уюм облустун аймагына эч кандай мечит салган эмес. Алардын маалыматына ылайык, облустук казыяттын ар бир иш аракеттери укук коргоо органдары жана КМДБ тарабынан көзөмөлгө алынып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар