03:20
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Республиканын аймагында жол кырсыктарынын саны 6,3 пайызга кыскарды

2018-жылдын башынан бери республиканын аймагында жол кырсыктарынын саны 6,3 пайызга кыскарды. Бул тууралуу «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууну талкууга алуу маалында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу жол кырсыгында каза болгондордун саны 21,6 пайызга азайган. Ал эми жаракат алгандардын саны 8,7 пайызга кыскарды.

«Ошондой эле, мас абалындагы айдоочулардын кесепетинен болгон жол кырсыктарынын саны 33,5 пайызга азайды», -деди Нур Сатыбалдиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума