18:25
USD 87.45
EUR 104.14
RUB 1.13

Жалал-Абадда 5 жаштагы кыз каналдагы сууга агып кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кызыл-Туу айылында 5 жаштагы кыз каналдагы сууга агып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылы туулган А.Н. атасы менен тойго барып, каналдын жээгинде ойноп жатканда сууга түшүп агып кеткен.

Окуя кечээ, 27-июнда саат 15:30 чамасында болгон. Куткаруучулар кыздын денесин издеп жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар