09:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Шымкент 2020-жылы КМШнын маданий борбору болот

2020-жылы Көз карандысыз өлкөлөр шериктештигинин маданий борбору Шымкент шаары болот. Бул тууралуу маалымат КМШнын аткаруу комитетинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, 2017-жылы 11-октябрда КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Сочиде өткөн жыйынында мамлекеттер аралык «Шериктештиктин маданий борборлору» аттуу программаны 2018-жылы Арменияда (Горис шаары), 2019-жылы Беларуста (Брест шаары) жана 2020-жылы Казакстанда (Шымкент) ишке ашыруу чечими кабыл алынган.

19-июнда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Казакстан Республикасынын айрым административдик-аймактык маселелери жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Шымкент республикалык маанидеги шаар макамын алып, облустун административдик борбору Шымкенттен Түркестан шаарына көчүрүлгөн. Андан тышкары Түштүк-Казакстан облусунун аталышы Түркстан облусу деп өзгөртүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар