18:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Түштүк-Казакстан облусунун аталышы Түркестан деп өзгөртүлдү

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Шымкент республикалык маанидеги шаар макамын алып, облустун административдик борбору Түркестанга көчүрүлдү. Ошондой эле Түштүк-Казакстан деген облус аталышы Түркестан деп өзгөртүлдү.

Нурсултан Назарбаев жарлыкка кол коюп жатып, Шымкент Астана менен Алматыдай эле калкы миллиондон ашкан шаарлардын катарына киргенин айтты.

Бүгүн мен кол койгон жарлык Шымкентке республикалык маанидеги шаар деген макам берет. Облус борбору кылымдардан бери Казак хандыгынын жана бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн саясий жана руханий жүрөгү болуп келген Түркестан шаары болот. Шымкент болсо биздин гана өлкөнүн эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын инвестицияларды, технологияларды жана интеллектуалдык ресурстарды тартып турган жаңы борборуна айланат

Нурсултан Назарбаев

5-июнда Түштүк-Казакстан облусунун маслихаты облус борборун Шымкенттен Түркестанга көчүрүү жана Шымкентке республикалык маанидеги шаар макамын берүү сунушун жактырган.

Түркестан Шымкенттин түндүк-батыш тарабында 170 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калкынын саны 260 миңге жакын. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума