06:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Акыйкатчы Кубат Оторбаев ээлеген кызмат ордунан кетти

Акыйкатчы Кубат Оторбаев ээлеген кызмат ордунан кетти. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, кызматтан өз ыктыяры менен кетти.

«Акыркы 2 жарым жылдын ичинде акыйкатчы институту адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бир топ алгылыктуу иштерди жасады. Институттун 15 жылдык тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын жарандарынын эркиндиктерине жана укуктарына арналган 19 атайын докладдар даярдалды», — деди Кубат Оторбаев.

Эске салсак, Кубат Оторбаев 2015-жылы декабрда акыйкатчынын милдетин аткарып баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума