06:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте жол кырсыгында Улуттук гвардиянын аскер кызматкери каза болду

Бүгүн жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, Улуттук гвардиянын аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Мерседес» менен «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Биринчи унаанын ичинде капитан жана взводдун ага лейтенанты төрөт үйүнө келе жатышкан.

«Төрөт үйүнө капитандын жубайына бара жатышкан. Кырсыктан улам унаадан Улуттук гвардиянын № 702-аскер бөлүмүнүн кызматкери, взводдун командири, ага лейтенант Т.С. көз жумду. Ал эми капитан ар кандай жаракаттарды алып, Бишкек шаарындагы № 4-ооруканага жеткирилди», - деп жазылат маалыматта.

Кырсык саат 04:50 чамасында, Сүйөркулов жана Жукеев Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар