Ош шаарындагы турак үйлөрдүн биринен мыйзамсыз сакталып турган ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 1970-жылы туулган жашоочунун үйүн тинтүү маалында, «Сайга МК» үлгүсүндөгү ок атуучу куралды табышкан.
Учурда курал экспертизага жөнөтүлүп, анын ээси сурак берип жатат.