09:57
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы кырсыкта 3 киши жабыркады

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгында 3 киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Субару Форестер» жана «Тойота RAV4» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кесепетинен 3 киши жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Окуя 24-июнда, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 42-чакырымында катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар