20:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Коррупцияга каршы күрөштөн келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачылат

Коррупцияга каршы күрөштөн келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачылат. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, эсеп казыналык тутумда акчалай каражаттарды эсепке алуу жана топтоо үчүн ачылат.

Жаңы процедурага жараша, мамлекетке келтирилген зыянды кайтаруудан түшкөн каражаттар атайы эсепте топтолуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде гана бөлүштүрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар