10:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутат өкмөт аппаратынын башчысынын кайдыгер мамилесине нааразы

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова кызматтык ишине кайдыгер мамиле жасаган өкмөттүн аппаратынын башчысы Мурат Мукамбетовго башка жумушка кетүү тууралуу ойлонуп көрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Мурат Мукамбетов бир канча жылдан бери оптимизация боюнча комиссияны жетектеп келет. Бирок, ал социалдык суроолор боюнча парламенттик комитеттин отурумуна чакырылганына карабай келбей койгон.

«Сиздин катчыңыз телефонограмманы алуудан баш тартты. Эмнеге ишиңизге мындай кайдыгер мамиле жасайсыз?» — деп суроо салды Евгения Строкова.

Эң көп окулган жаңылыктар