14:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Душанбеде кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр уланат

Бүгүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган делегациялардын сүйлөшүүлөрү уланат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, “Туруктуу өнүгүү үчүн суу” деп аталган эл аралык конференциянын алкагында эки тарап жолугуп, бир катар маселелерди талкуулашкан. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын ар тараптуу кызматташтыгы, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси да каралган.

Жолугушууларда эки мамлекеттин транспорттук байланыш, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана суу-энергетикалык тармактар боюнча алакалары да каралууда.

2018-2028-жылдарга карата белгиленген “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” планын талкуулоо жыйыны Дүйшөмбү шаарында 22-июнга чейин уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби