12:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Нарын облусунда жол кырсыгынан 8 киши жаракат алып, 1 киши каза тапты

Нарын облусунда жол кырсыгынан 8 киши жаракат алып, 1 киши каза болду. Бул тууралуу аталган облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Москвич үлгүсүндөгү унаа менен Volkswagen Jetta унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Москвич үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү каза болуп, калган жарандар ар кандай жаракаттарды алышкан.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар