16:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргыз актеру Кытайда өткөн кинофестивалда байгелүү орунду ээледи

Кыргызстандын Эл артисти Акылбек Абдыкалыков Кытайда өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн катышуусундагы Эл аралык кинофестивалда, «Түнкү кырсык» тасмасындагы эң мыкты эркектин ролу үчүн баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу кинематографисттер биримдигинен маалымдашты.

Билдирүүгө таянсак, фестивалдын алкагында 5 кыргыз тасмасы көрсөтүлгөн: «Түнкү кырсык», «Атанын керээзи», «Асман алдында», «Ханбийке Назик» жана «Апамды издеп».

Иш чарага ШКУга мүчө 8 өлкөдөн жана 4 байкоочу өлкөдөн кино жаратуучулар келишкен. Анда 60га жакын тасма көрүүчүлөргө тартууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар