18:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жол кырсыгы. Айдоочу алган жаракатынан улам каза болду

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда маршруттук такси менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, кесепетинен бир киши каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мааалыматка караганда, 33 жаштагы И.М. аттуу жаран «Мерседес-Спринтер» унаасын башкарып бара жатып, 31 жаштагы Т.Р. аттуу жаран башкарып бара жаткан «Мерседес» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзүп алган. Окуя Манас — Жаңы-Жер унаа жолунун 1-чакырымында болгон.

Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы маршруттук таксинин айдоочусу алган жаракаттарынан улам көз жумду.

Экинчи айдоочу жаракат алып, ооруканага жектирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума