Чүй облусуна караштуу Москва районунун Беловодское айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 45-чакырымында «Range Rover» жана «Passat» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Кесепетинен эки айдоочу жабыркады.
Кошумчалай кетсек, окуя 17-июнда болжол менен саат 14:17лер чамасында болгон.