04:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Астана Түндүк Кореяны Казакстандан үлгү алууга чакырды

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ президенти менен Түндүк Корея лидеринин 12-июндагы жолугушуусу боюнча расмий билдирүү жасады.

Анда Казакстан эки лидердин саммитин «тарыхый окуя» катары колдоп, ал «Түндүк Корея менен эл аралык коомчулуктун ортосундагы мамилелердин жакшырышы үчүн жагымдуу шарт» түзүшү мүмкүндүгүн белгиледи.

Ошондой эле билдирүүдө Астана «Пхеньяндын өзөктүк куралдан баш тартуу аракеттерин» жогору баалап, Түндүк Корея режимин бул багытта Казакстандан үлгү алууга чакырды. Казакстан өткөн кылымдын соңунда өз каалоосу менен өзөктүк потенциалдан баш тартып, дүйнөдөгү эң ири өзөктүк сыноо полигонунун бирин жапкан.

12-июнда Сингапурда өткөн АКШ-Түндүк Корея саммити тарыхта алгачкысы болду. Америкалык президент Дональд Трамп менен түндүк кореялык лидер Ким Чен Ын 45 мүнөттүк жеке жолугушуу өткөрүштү. Буга чейин Түндүк Кореянын бир дагы лидери АКШнын бийликтеги президенти менен жолуккан эмес.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар биргелешкен декларацияга кол коюшту. Анда Түндүк Корея өзөктүк куралдан баш тартуу милдеттенмесин алса, АКШ Түштүк Корея менен биргеликте аскердик машыгууларды өткөрүүнү токтото турганын убадалады. Документте бул милдеттенмелер аткарылышы керек болгон мөөнөттөр көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле анда Корей жарым аралындагы адам укуктары тууралуу эч нерсе жазылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар