00:42
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мырза-Аке-Алайкуу унаа жолундагы кырсыкта айдоочу мерт кетти

Ош облусуна караштуу Мырза-Аке-Алайкуу унаа жолунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен айдоочу каза тапты. Бул тууралуу аталган облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ауди 100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 52 жаштагы унаанын айдоочусу каза тапты.

Кырсык 12-июнда саат 15:00 чамасында болгон.

Кошумчалай кетсек, унаадагы эки жүргүнчү аймактык ооруканага жеткирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума