15:42
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Эртең Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү таза суу токтойт

Эртең оңдоо иштерине байланыштуу саат 10:00дөн 18:00гө чейин 7-кичи райондо ичүүчү таза суу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кичи райондогу № 19,20,21 үйлөрдө таза суу берилбейт. Ал эми саат 10дон түшкү 2ге чейин № 14,15,16,17,18,23/2 үйлөрдө таза суу токтойт.

Мэриядан билдиришкендей, № 1,2,3,4,23,25,27,28 үйлөрдө жана № 20 мектепте суунун басымы төмөндөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар