04:22
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

15-июндан тартып Бишкек-Балыкчы каттамындагы поезд жүрө баштайт

15-июндан тартып Бишкек-Балыкчы каттамындагы поезд жүрө баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жайкы эс алуу сезону аяктаганга чейин № 608 «Бишкек I-Балыкчы» жана № 609 «Балыкчы-Бишкек I» поезд каттамы 15-июндан 29-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 30-июлдан тартып 10-сентябрга чейин күн сайын каттай баштайт.

Билет баалары:

Чоңдор үчүн: 69 сом

Балдар үчүн: 34 сом (5 жаштан 10 жашка чейин)

Кошумча маалымат үчүн телефондор: 92 68 54, 30 02 09, 92 74 75

Эң көп окулган жаңылыктар