00:44
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Бишкек-Ош» унаа жолундагы кырсык. 5 киши жаракат алды

«Бишкек-Ош» унаа жолунун 426-чакырымында «Toyota Ipsum» жана «Honda Illuzion» үлгүсүндөгү эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктан 5 киши жеңил жаракат алды.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жабыркагандарга биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар