Дача-СУ айылындагы кырсыкта ата-энесинен айрылган Жакшылык үйлүү болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымдайт.
2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Дача-Суу айылында Боинг-747 учагы кыйрап, анда Жакшылык Шералиев ата-энесинен жана эки кичинекей карындашынан айрылган.
Ал учурда Аламүдүн районунун Пригородное айылында жашайт.
Акыйкатчынынын билдирүүсүндө, Жакшылык Жал кичирайонундагы «Сапат» окуу жайынын 1-классын ийгиликтүү аяктады. Жакшылык медиктер жана психологдор тарабынан тиешелүү жардам алып турарын жана керектүү бардык буюм-тайымдар менен камсыздалган.
«Мамлекет тарабынан берилген акча каражатка анын чоң атасы турак-жай сатып алган жана калган каражат Бишкек шаарындагы банктардын биринде сакталып турат» — дейт Акыйкатчы.