16:46
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетти. Жүргүнчү жабыркады

Бишкекте «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 23 жаштагы айдоочу рулга ээ боло албай калып, унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, унаанын ичиндеги 26 жаштагы жүргүнчүнүн баш мээси чайкалып, тизелери жаракат алган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

Кырсык Шабдан Баатыр көчөсүндө катталды. Окуя болгон жерде тарип сакчылары иш алып барышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар