18:27
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кара-Суу районунда унаа каналга кулап кетип, айдоочусу каза болду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда унаа каналга кулап кетип, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа Осмонов жана Ленин айылдарынын ортосундагы Түшүк каналына түшүп кеткен.

Куткаруучулар унаанын ичинен 1958-жылы туулган А.Алибековдун жансыз денесин алып чыгышты.

Эң көп окулган жаңылыктар