11:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көлдө жол кырсыгында бир адам каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилиги маалымдайт.

Балыкчы-Ананеьва-Каракол унаа жолунун 52-чакырымында (Чок-Тал айылы) «ДЕУ-Равон» унаасынын айдоочусу унааны башкара албай мүрзөнүн дубалын сүзүп алды. 2-июнь күнү болгон кырсыкта 1987-жылы туулган Ш. С. каза болуп, 1980-жылы туулган А. Р. жана 1987-жылы туулган К. Ч. жаракат алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар