Казакстан этно олимпиада өткөрүү үчүн ЮНЕСКОго арыз жазды. Бул тууралуу «Азаттык» маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы ЮНЕСКОнун Спорттун салттуу түрлөрү боюнча комитетинин өкүлү Халил Ахмед Хан менен меморандумга кол коюп, анда Казакстанда дүйнөлүк биринчи этноспорт оюндарын өткөрүү тууралуу маселе да камтылды.
Эгер ЮНЕСКО бул арызды канааттандырса, 2021-жылы Казакстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата бул өлкөдө улуттук оюндардын дүйнөлүк олимпиадасы өтөт.
Эскерте кетсек, учурда Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү аракетин көрүүдө.