17:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргыз тасмасы Забайкальск фестивалында жеңишке жетишти

«Бакыт» аттуу кыргыз тасмасы Забайкальск эл аралык кинофестивалында байгелүү болду. Бул тууралуу тасманын режиссеру Мээрим Догдурбекова «24.kg» агенттигине билдирди.

Режиссер дипломдук иши катары тарткан чыгарма 352 эмгектин ичинен «Мыкты көркөм тасма» наамына ээ болду. 31-майдан 3-июнь аралыгында өткөн сынакка Забайкальск аймагынан гана эмес Азия, Түндүк жана Түштүк Америка, Европа өлкөлөрүнөн кино жаратуучулары катышты.

Ал эми «Забайкальск аймагында тартылган мыкты кыска метраждуу тасма» жана «Мыкты кыска метраждуу даректүү тасма» номинацияларына Орусия менен Казакстандын режиссерлору ээ болушту.

Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын тарыхынын негизинде тартылган «Бакыт» тасмасында ат менен адамдын ортосундагы байланышы сүрөттөлөт.

Тасмада 10 жаштагы Бакыт айылдык саяпкердин баласы болот. Мектептен сырткары бош убактысын аты менен өткөрөт. Өзү теңдүү чабандес бала экөө тең бир кызды жактырат. Атасы Бакытты ат чабышка даярдап жүрөт. Бирок эртең ат чабыш деген күнү атын уурдап кетет.

Мээрим Догдурбекова

Белгилей кетсек, «Бакыт» тасмасы Түндүк Корея, Чехия, Кытай, Орусия, Франция, Түркия, Германияда өткөн 12ден ашуун эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар