11:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Караколдогу жол кырсыгы 6 жашар баланын өмүрүн алды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаа 6 жашар баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу аталган облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Жусаев жана Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинен 6 жаштагы баланы сүзүп алган. Бала ооруканага жеткенде каза болгон.

Белгилей кетсек, жол кырсыгы 2-июнда болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар