15:50
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көлдө туристтик сезондо коопсуздукту камсыз кылууга милиция жетишпейт

Ысык-Көл облусунда туристтик сезондо коопсуздукту камсыз кылууга милиция жетишпейт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын көчмө жыйынында билдирди.

Узарбек Жылкыбаев экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын милиция бөлүмүн ачууну сунуштады.

«Экологиялык коопсуздук туризмди өнүктүрүүдө башкы талаптардын бири. Азыр Каракол жана Балыкчы шаарында агынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу пландалууда. Ага Азия өнүктүрүү банкы каражат бөлөт. Эгер 2020-жылга чейин курулуш бүтсө, бул көлдүн жаратылышы үчүн маанилүү кадам болот» — деди ал.

Облус жетекчисинин маалыматында, көлдө 176 туристтик объект иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби