17:05
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы кырсыкта айдоочу мерт кетти

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 42-чакырымында жол кырсыгы катталып, айдоочу мерт кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сүт ташуучу «Мерседес-Бенц» (гигант) жана «Форд Фокус» үлгүсүндөгү унаалар бетме-бет сүзүшкөн.

Алдына ала алынган билдирүүгө таянсак, «Форд Фокус» унаасынын айдоочусу уктап кетип, маңдайында келе жаткан унааны сүзгөн. Айдоочу окуя болгон жерде каза болуп, жанындагы жүргүнчүсү жаракат алды.

Сүт ташуучу «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу жабыркаган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар