Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мурунку вице-мэр Айгүл Рыскулованы төш белги менен сыйлоону сунушташты. Депутаттар анын кылган ишин жакшы деп баалашууда.
«Айгүл Рыскулова канчалаган жакшы долбоорлорду ишке ашырды. Канчалаган иш чараларды уюштурду. Анын эмгегин баалаш керек. 4 жыл аралыгында жасалган иштери шаардын социалдык блок боюнча өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берди», -дешти депутаттар.
Эске салсак, вице-мэр Айгүл Рыскулова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин кезектеги сессиясында маалым болду.