Мектептерде окуу жылы 30-майга чейин узартылышы мүмкүн. Мындай сунушту билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева көтөрдү.
Министр депутаттардын окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу демилгесин колдойт.
«Бул биринчи кезекте биздин климатка байланыштуу. Мисалы, май айында салкын. Күз ысыкта мектепке барган балдар класста тумчугуп олтурушат. Биздин максат — балдардын саламатыгына зыяны тийбегендей шарт түзүү» — дейт ал.
Мнистрлик окуу жылын 1-сентябрда баштап, 30-майда аяктоону сунуштайт. Акыркы чечимди өкмөт кабыл алат.